РЕПЕТИЦИЯЛАРДЫН ТАКТИКАСЫ

29 Июл 2015

Спектаклдин үстүндө иштөө – бул тирүү организмдин, тирүү коллективдин үстүндө иштөө. Баардык учурларды баамдаш керек – маанайды да, репетициялардын жалпы жүрүшүн да ж.б. Бизди “Отун жыгачы” (“Полено”) жана “Үйсүз” (“Без дома”) спектаклдердин үстүндөгү иш үйрөткөн репетиция өткөрүүнүн бир нече тактикасы төмөндө келтирилген:

1. Репетиция – бул өнүгүүнүн ырааттуу логикасы – чыгарманын идеясынан баштап анын көркөмдүк ишке ашуусуна чейин;

2. репетиция — бул үзгүлтүксүз кайталоо, чеберчиликти өнүктүрүү, күнүмдүк эмгек. Биз бул жерде: “оозду жабып, иште, андан көрө кыл, бул жерде чеберчилик иште гана көрүнөт”, — дейбиз. Же болбосо бул жерде мобул сөздөрдү колдонсо болот: “суу ташты жейт, кайталоо – үйрөнүүнүн энеси”.

Ыраак Чыгышта кандайдыр бир ыкманы өздөштүргөн адамды чебер деп аташат – бычак чебери, отуруу чебери. Мисал келтирели – “Дзиронун сушиси” аттуу документалдык филми – Дзиро уста өмүр бою суши чебердиги менен гана алектенип, өзүнүн чеберчилигин укмуштуу бийиктикке жеткирди. Мында көшөргүчтүк жана көңүл коюу керек.

“Үйсүздүн” («Без дома») репетициясы

“Үйсүздүн” («Без дома») репетициясы»

“Үйсүздүн” репетицияларында биз Чолпонайдын элестетүүсү менен кыйналып, шектенип калдык – балким, биз элестетүүнү туура эмес түшүндүк деп. Анан капысынан иштеди. “Отун жыгачынын” (“Полено”) үстүндөгү жумушта күндө элестетүүнү стимулдаштыруу үчүн согуш жүрүп жатат.

Ушунда кээде башыбызды ташка койгулайбыз, кээде болсо натыйжа эч көрүнбөйт. Таануу туруктуу тажрыйбада камтылат. Бул биз математика боюнча көптөгөн маселелердин үстүндө өткөн материалды машыгуубуздай эле көрүнүш. Бирок бул зериктирме, жадатма нерсе эмес. Биз математикада бир маселенин артынан экинчи маселени чечип жатканда, эсеп чыкпаган кезде бизге чечим чыгаруудагы ар кандай жолдорду издегени туура келет.

Оңой эмес маселе келип, аны чечүүгө күндөр кетип, анан абал өзгөрүп, маселе чечилгендеги көңүлдүн эргүүсү көбүнө тааныш болуш керек. Театрда да ошондой. Гротовский “Акциянын” үстүндө иштеп жатканда актерлорго жөнөкөй көнүгүү берчү. Актер бул аракетти ар түрлүү жолдорду, ыкмаларды издеп, машыкчу. Кээде издөөгө жылдар кетчү.

Бирок кайталоону догматка айландырып, максатты ортого алып, аны чалдыбары чыкканча кармоо коркунучу бар. Мындай тактика эми иштебей калсачы? Анын иши бүтүп, андан натыйжа күтпөй эле коюу керектигин түшүнүү зарыл!

Мисалы, Эвклиддин геометриясы көптөгөн маселелерди чечүүдө өзүн жакшы көрсөттү, бирок бул геометрия Меркурийдин Күндүн айланасындагы кыймылын баяндоодо керексиз болуп калды. Меркурийдин жүрүшүн Эвклиддин геометриясы аркылуу сүрөттөөнүн үстүндө канчалаган окумуштуулар иштеди! Жаңы планеталар ойлонуп табылып, татаал гипотезалар түзүлгөн, бирок бул эч жардам берген жок.

Брехттин Галилейин эстесек – гипотеза иштебегенде биз андан кайгылуу баш тартканы даяр болушубуз керек. Бул маанилүү учур – кээ бир адамдар өзүнүн идеяларында туруп, баары менен урушканга, жада калса идея үчүн өлтүргөнгө да даяр. Бирок балким бул метод натыйжа алып келбей, башка усул керек болгон учурдур? Меркурий менен маселеде жаңы геометрия иштеди – Римандын геометриясы. Биз: “Стоп! Туруктуу тажрыйба жаңы жолду талап кылууда”, — дечү учур келди. Ошондо репетиция кийлигишүүнү керек кылат.

“Отун жыгачынын” («Полено») репетициясы

“Отун жыгачынын” («Полено») репетициясы»

3. репетиция — бул кийлигишүү, Бруктун репрезентациясы — киришип, өзгөрүүлөрдү киргизип, методду өзгөртүп, рокировка кылуу зарыл. Бул азаптуу учур, андан кийин күнүмдүк иш жүрөт. Репетициялардын корпусун толуктай буруш керек.

Бул өтө тез өнүккөн практикада таануу пайда болгон учур. Бул кайсы нерсеге көңүл буруу зарылдыгын тез чечүү керек болгон баланын төрөлүшү. Бирок көңүлдү жөн эле бурбастан, бул сахнада болуп жаткандын баарын түшүнүү менен иштеш керек.

Бирок бул кийлигишүү – зордоо эмес, актердун ичинен издөө. Көптөгөн методдорду издеп, текшерип, ийкемдүү болуп, ар түрдүү жолдорду сыноо зарыл. Анан иш жүзүндө натыйжалуу болгон метод бир катар репетициялардын сыноосуна кабылат.

Кээде бир актер үчүн иштеген метод, башкасына туура келбейт. Ошондо сахнага ар кандай методдор менен иштеген актерлор чыгат. Бул абдан карама-каршы көрүнүшү мүмкүн.

Бул бир учурда Станиславский менен жакын десек болот – ичинен дем берип, издөө эркиндигин берүү. Бир жолу “Үйсүздүн” репетициясында кыймыл аракетти кайдан табуу керектиги жөнүндө маселе чыкты. Биз кыймылды ойдон чыгарбай эле, аны пьесанын логикасында таптык.
Ошондой эле сырттан алынып келген метод учурдагы абалга табигый түрүндө тандалып, окуялардын логикасынан изделип чыгыш керек. Тандалган методду белгилеп, машыгыш керек. Анан жаңы методду иштеп чыгуунун айланасындагы дүрбөлөң тынчыганда кайталоону жана кайталоону талап кылган күнүмдүк кадыресе ишке кайра өтүү зарыл.

Share

admin

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *